Молдова
From Wikipedia, the free encyclopedia
Молдова (молд. жана рум. Moldova), Молдавия, расмий түрдө ― Молдова Республикасы[1] (молд. жана рум. Republica Moldova) ― Европанын түштүк-чыгышындагы мамлекет. Түндүк-чыгышынан жана түштүгүнөн Украина, батышынан Румыния менен чектешет. Молдованын жарыяланган аянтында таанылбаган Транснистрия мамлекети жайгашкан.
Молдова Республикасы | |||||
| |||||
Гимн: «Limba Noastră» | |||||
Эгемендүүлүк күнү | 27-август 1991-жыл | ||||
Расмий тили | Румын тили | ||||
Борбор шаары | Кишинёв | ||||
Ири шаарлар | Кишинёв, Бендеры, Тирасполь | ||||
Башкаруу формасы | Парламенттик республика | ||||
Президент Премьер-министр | Майя Санду Наталья Гаврилица | ||||
Мам. дини | Динден тышкары мамлекет | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. | 135чи - дүйнөдө 33 846 км2 км² 1,4 | ||||
Калкы • Бааланган (2021) • Жыштыгы | ▼ 2,597,100 киши адам (132чи) 76,7 киши ад./км² | ||||
АДӨИ ( 2020) | ▲ 0,750 (90чу орун) | ||||
Этнохороним | Молдавандар | ||||
Акча бирдиги | Молдован лей (MDL, код 498) | ||||
Домени | .md | ||||
ISO коду | MD | ||||
ЭОК коду | MDA | ||||
Телефон коду | +373 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC +2, +3 |
Аянты 33,8 миң км2. Калкы 3,56 млн киши (2010: 518,7 миң киши түзгөн Днестрдин сол жээгин жана Бендеры муниципийин кошпогондо). Борбору – Кишинёв. Административдик-аймактык жактан 32 районго, 5 муниципийге жана 2 автономия аймагына (Гагаузия, Днестрдин сол жээги) бөлүнөт. Акча бирдиги – молдаван лейи.
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006) Молдавия – БУУнун, ЭВФтин, Эл аралык соода уюмунун, ИНТЕРПОЛдун, Эл аралык электр байланышынын, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын, ЮНЕСКОнун ж. б. мүчөсү.