Парламенттик республика
From Wikipedia, the free encyclopedia
Парламенттик республика – парламенттин укугу (полномочие) жогору турган республикалык бийликтин түрү. Демократиялык шайлоонун мындай системасында шайлоочулар добушун жеке кандидат эмес, партияга берет. Парламенттик республикада өкмөттүн составын көпчүлүк мандатка ээ болгон партия дайындап, ал президент эмес, парламентке жооп берет жана аны колдогон партия көпчүлүк добуштан ажырамайын өз ишин улантуу укугун пайдаланат. Парламенттеги көпчүлүк ишеним көрсөтүүдөн баш тарткан учурда өкмөт отставкага кетет, же болбосо өлкө башчысына кайрылуу аркылуу парламентти таратууну талап кылат. Парламент закон чыгаруудан тышкары өкмөттүн үстүнөн көзөмөл жүргүзүү, мамлекеттик бюджетти кабыл алуу, финансы маселесин чечүү, социалдык-экономикалык өнүгүү жолун тандоо, өлкөнүн ички-тышкы жана коргонуу саясатын аныктоо укугуна ээ. Көпчүлүк Парламенттик республикаларда (мисалы, Италия ж. б.) президентти да парламент шайлаган учурлар кездешет. Кыргызстан жана башка Австрия сыяктуу Парламенттик республикаларда президент жалпы шайлоочулар тарабынан 6 жылга шайланат жана ага законго кол коюу, декрет чыгаруу, сыйлык ыйгаруу, парламентти таратуу, өкмөт башчысын (формалдуу түрдө) жана күч органдарынын башчысын дайындоо, соттолгон адамдарга мунапыс берүү, куралдуу-күчтөрдүн башкы командачысы сыяктуу укуктар берилген.
Мамлекет башчы |
Өкмөт |
Өкмөт башчысы • Канцлер • Аткаруу бийлигинин башчысы • Премьер-министр • Министрлер кабинети • Министрлик • Министр |
Башкаруу формасы |
Президенттик башкаруу системасы • Аралаш башкаруу системасы • Парламенттик башкаруу системасы • Парламенттик демократия (Вестминстер системасы) • Парламенттик монархия • Парламенттик республика |
Тизмелер |
Президенттердин тизмеси • Мамлекет башчыларынын тизмеси • Өкмөттөрдүн тизмеси |
Жергиликтүү бийлик |
Губернатор • Мэр • Аким • Айыл башчы |