Литва
From Wikipedia, the free encyclopedia
Литва (лит. Lietuva), расмий аталышы — Литов Республикасы (лит. Lietuvos Respublika) – Чыгыш Европадагы мамлекет. Түндүгүнөн Латвия, чыгышынан жана түштүгүнөн Беларуссия, түштүк-батышынан Польша жана Россия (Калининград облусу) менен чектешет. Батышынан Балтика деңизи жана анын Курши булуңу менен чулганат. Аянты 65,3 миң км2. Калкы 3,3 млн (2010). Борбору – Вильнюс. Расмий тили – литва тили. Акча бирдиги – лит. Административдик-аймагы жактан 10 уездге бөлүнөт (к. таблицаны). БУУнун (1991), Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун (1991), ЭВФтин (1992), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1992), Балтика деңизи өлкөлөрү кеңешинин (1992), Европа советинин (1993), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (2003), Европа союзунун (2004), НАТОнун (2004) мүчөсү.
Литов Республикасы | |||||
| |||||
Гимн: «Tautiška giesmė» | |||||
Эгемендүүлүк күнү | 11-март 1990-ж.
( Кеңештер Бирлигинен) | ||||
Расмий тили | литов тили | ||||
Борбор шаары | Вильнюс | ||||
Ири шаарлар | Вильнюс, Каунас, Клайпеда, Шяуляй, Паневежис | ||||
Президент | Гитанас Науседа | ||||
Аянты • Жалпы | 65 302 км² | ||||
Калкы • Бааланган (2011) • Жыштыгы | 3 054 000[1] адам 45 ад./км² | ||||
Акча бирдиги | евро | ||||
ISO коду | LT | ||||
ЭОК коду | LTU |
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2010):
Уезддери | Аянты, миң км2 | Калкы, миң | Адм. борборлору |
---|---|---|---|
Алитус | 5,4 | 173,4 | Алитус |
Вильнюс | 9,7 | 850,3 | Вильнюс |
Каунас | 8,1 | 666,3 | Каунас |
Клайпеда | 5,2 | 376,5 | Клайпеда |
Мариямполе | 4,5 | 178,4 | Мариямполе |
Паневежис | 7,9 | 278,4 | Паневежис |
Таураге | 4,4 | 124,8 | Таураге |
Тельшяй | 4,4 | 171,1 | Тельшяй |
Утена | 7,2 | 168,1 | Утена |
Шяуляй | 8,5 | 341,7 | Шяуляй |