Жапония
From Wikipedia, the free encyclopedia
Жапония (жап. 日本 Нихон, Ниппон, которгондо «Күн баткан жер»), расмий — Жапон Мамлекети (жап.. 日本国 «Нихон коку», «Ниппон коку» (инф.)), — Чыгыш Азиядагы аралдуу мамлекет. Жапон деңизинин чыгышында жайгашкан. Поэттик аты — Күндүн чыгыш жери
Жапония | |||||
| |||||
Мамлекеттик Гимни | |||||
Ачык жашыл Орусия көзөмөлдөгөн Кунашир, Итуруп, Шикотан жана Жапония ээлеген Хабомай аралдарынын аймактарын көрсөтүп турат. | |||||
Негизделген | 11-февраль, 660-жылы биздин заманга чейин (расмий) | ||||
Расмий тили | Жапон тили | ||||
Борбор шаары | Токио | ||||
Ири шаарлар | Токио, Йокогама, Осака | ||||
Башкаруу формасы | Конституциялык монархия | ||||
Император Премьер-министр | Нарухито Fumio Kishida | ||||
Аянты • Жалпы | 61 - дүйнөдө 377 944[1] км² | ||||
Акча бирдиги | Жапон йенасы | ||||
ISO коду | JP | ||||
ЭОК коду | JPN | ||||
Телефон коду | +81 |
Жапония — Жапон аралдар тобундагы (архипелаг) 6852 аралда жайгашкан. Эң чоң төрт арал - Хонсю, Хоккайдо, Кюшу жана Шикоку - аралдар тобунун 97% түзөт. Көбүнчө аралдар тоолуу жана жанар тоолуу (вулкандуу). Жапониянын эң бийик чокусу Фуджи тоосу - жанар тоо. 126 миллионго чукулдаган калкы менен Жапония дүйнөдө 10-орундун ээси. Аянты боюнча 62-орунда (377,873 миң чарчы чакырым). Чоң Токионун ичинде Токио ордо калаасы жана тегерегидеги конуштар (префектура) кириши, аны (Чоң Токиону) 30 миллиондон ашкан калкы менен дүйнөдөгү эң ири шаарчасы наамына жеткизет. Токионун өзү 47 префектурага бөлүнөт. Япония бир улутту эл. Калктын 99,4% - япондор. Мындан тышкары кытайлар, корейлер, америкалыктар бар. Расмий тили - жапон тили. Негизги диндери - шинто жана бутпарастык диндери.
Номиналдуу ИДӨ боюнча Жапония дүйнөдө үчүнчү орунду ээлейт. Экспорттун көлөмү боюнча төртүнчү, импорттун көлөмү боюнча бешинчи орунда. Бүгүнкү күндө үнөмдүк (экономикалык) кубаты боюнча 2-орунда.
Мамлекеттин башкаруу системасы - Конституциалык Монархия, мамлекет башчысы Император, өкмөт башчысы премьер-министр. 1947-жылы кабыл алыннан конституция боюнча император — “мамлекет менен калк биримдигинин белгиси”. Ал парламенттин сунушу боюнча өкмөт башчыны дайындайт жана өкмөт башчынын сунушу менен өкмөт мүчөлөрүн, Жогорку соттун төрагасы менен мүчөлөрүн дайындайт же кызмат ордунан чечет. Баш мыйзам боюнча, мамлекет иштерге толугу менен өкмөт башчысы башкарган өкмөт жооп берет.
Япония - өнүккөн өлкө болгондон соң жашоо деңгээли да өтө жогору.
Жогорку мыйзам чыгаруучу орган парламент — эки палатадан (өкүлдөр палатасы жана кеңешчилер палатасынан) турат. Улуттук маарекеси Үчтүн айынын 23 (декабрь) (император Акихитонун туулган күнү). Акча белгиси — иен.