Астана
Казакстандын борбору / From Wikipedia, the free encyclopedia
Астана (каз. Астана / Astana) — Казакстандын 1997чи жылдан бери борбору. Шаар мамлекеттин түндүгүндөгү Ишим дарыясынын жээгинде жайгашкан. Административдик аймактык жактан 5 районго бөлүнгөн. Акмоло облусу менен куурчалып анын курамына кирбеген анклавдуу шаар болуп саналат.
Казакстандын борбору | |||
Астана | |||
каз. Астана / Astana | |||
Байтерек түнчүндө. | |||
| |||
Өлкө | |||
---|---|---|---|
Ички бөлүнүшү | |||
Аким |
Жеңиш Касымбек | ||
Тарыхы жана Географиясы | |||
Негизделген күнү |
1830-жыл | ||
Биринчи белгиленген |
1830-жыл | ||
Мурунку аталышы |
1830-1961 — Акмолинск, | ||
Аянты |
722 км2 | ||
Бийиктиктиги |
347 метр | ||
Климатынын түрү | |||
Калкы | |||
Расмий тили | |||
Калкынын саны | |||
Жыштыгы |
1699 адам/км2 | ||
Агломерациясы |
1.500.000 адам | ||
Улуттук курамы |
казактар — 65,2% | ||
Диний курамы |
мусулмандар, православдар ж.б. | ||
Этнохроним |
астаналык, астаналыктар | ||
Сандык идентификаторлор | |||
Убакыт аралыгы | |||
Телефон коду |
+7 7172 | ||
Почта индекси |
010000 | ||
http://www.astana.kz |
Акмолинск шаар макамына 1862-жылы 26-сентябрда ээ болгон. 2018-жылдын 1-январына карата Нур-Султандын калкынын саны 1 035 537 адамды түздү.
Өлкөнүн түндүк бөлүгүндө, Ишим дарыясынын боюнда, Казак Сараркасынын түндүгүндө жайгашкан. Калкы 345,6 миң (2005). Темир жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. 1830-ж. Aкмоло чебинин ордунда отурукташкан. 1832-жылдан Aкмоло станицасы, 1863-жылдан округдук шаар, 1868-жылдан Aкмоло уездинин борбору. Ташкен ж-а Бухарадан Орусияга, Чыгыш Кытайдан Шиберге (Сибирь) кеткен кербен жолунун маанилүү пункту болгон. 1920-36-ж. Кыргыз (Казак) ACCРинин курамындагы губерниянын (1920-28), округдун (1928-30) республикага баш ийген райондун (1930-32), Караганда облусундагы райондук (1932-39), 1965-97-ж. облустун борбору болгон. 1939-жылдан Aкмоло облусунун, дың жерлерди өздөштүрүүдө крайдын административдик борбору болуп, экономикалык ж-а саясий абалы тез өсө баштаган. 1998-жылдан азыркыдай аталат. 1990-жылдын аягынан шаардын борбордук бөлүгүндө (жапон мөөмөрү (архитектору) К. Курокаванын генералдык долбоору б-ча) курулуш иштери жүргүзүлгөн; алар: парламент ж-а өкмөт үйү, президенттин резиденциясы, «Караотель» турак жай комплекси, «Aль-Фараби» ж-а «Самал» кичи райондору, Конгресс-холл, «Евразия» соода борбору, Ишим дарыясындагы көпүрө ж-а дарыянын сол жагында бийиктиги 97 м келген «Aстана-Байтерек» монументи. Aнда диаметри 22 м айнек шар орнотулган. Металл шардын каркасы 3 кабат түстүү айнек м-н капталган. Ал Казакстан Республикасынын 10 жылдыгына арналган көрүнүктүү монументтик курулуш.
Астана — Казакстандын маданий борбору. 28 ЖОЖ (филиалдары м-н), анын ичинен техникалык университет (1933-жылдан), С. Сейфуллин атынагы агрардык институту (1957), Л. Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети (1998; Москва мамлекеттик университетинин филиалы), медицина (1964), музыка (1998) ж. б. академиялары иштейт. Китепканалары: Президенттик маданий борборунуку, Борбордук шаардык, А. Гайдар атындагы балдар китепканалары ж. б. А. Кастеев атындагы искусство (1935), азыркы искусство (1980-ж. негизделип, 1999-ж. Алматыдан көчүрүлүп келинген), жазуучу С. Сейфуллиндин (1988) музейлери, орус драма (1940), музыкалык драма (1991), улуттук опера ж-а балет (2000) театрлары, филармония (1997), оркестрлер бар. Маанилүү өнөр жай тармактары: «Казак айыл чарба машиналары», «Газмашаппарат» АКсы, «Астана Моторс» компаниясы, вагон ремонттоо, машина куруу, металл иштетүү, жеңил, тамак-аш өнөр жайлары, эмерек өндүрүшү бар.