Ылаачын
From Wikipedia, the free encyclopedia
Ылаачын (лат. Falco peregrinus) — кара ылаачын; шумкарлардын бир түрү. Falco peregrinus илимий аталышы англис окумуштуусу Танстелл, Мармадюк тарабынан киргизилген. Ал 1771 ж. ылаачынды өзүнүн "Ornithologia Britannica" эмгегинде систематикалуу сүрөттөп чыккан.
Ылаачын | |
Ылаачын | |
Коргоо абалы | |
---|---|
Илимий классификация | |
дүйнөсү: | Айбанаттар |
тиби: | Хордалуулар |
классы: | Канаттуулар |
түркүмү: | Күндүзгү алгыр куштар |
тукуму: | Шумкар сымалдуулар |
уруусу: | Шумкарлар |
Биноминалдык аталышы | |
Falco peregrinus Tunstall, 1771 | |
Жашоо аймактары Сары: Уялайт Жашыл: Туруктуу жашайт Көк: Кыштайт Көгүлтүр: Келгин катары | |
Синонимдери | |
Falco atriceps Hume |
Ылаачындын чоңдугу ителгиден кем эмес. Алардын өңдөрү кара чаар, кызыл чаар, көк чаар болот. Ылаачындын алкым жүндөрү ак болот. Баш жүндөрү кара. Кара "муруту" бар. Денесинин узундугу 34-50 см, канатынын чабыты - 80-120 см. [2]. Башка куштардай эле ылаачындын ургаачылары эркектеринен чоңураак келип, 910 -1500 г. салмакта болушат. Эркектеринин салмагы 440-750 г. [3] Ылаачын Антарктидан башка баардык континеттерде таралган. Болумуна жана түспөлүнө жараша 17 түрчөсү бөлүп таанылат.
Дүйнөдөгү эң ылдам канаттуу, дегин эле, эң ылдам жандык. Адистердин баалосунда ылаачын шукшурулуп тепкенде ылдамдыгы 322 км/с же 90 метр/сек. [4][5] чейин жетет. Бирок, сызып учуу ылдамдыгы боюнча карлыгачка жете албайт - 120-180 км/с.[6].