Биологиялык классификация
From Wikipedia, the free encyclopedia
Биологиялык классификация - бул тирүү организмдердин классификациялоо принциптерин иштеп чыгуу жана ал принциптерди система түзүүдө түздөн-түз колдонууну максат кылган илимий дисциплина. Классификация деп бул жерде баардык бар болгон жана жок болуп кеткен организмдерди системалаштырып жайгаштыруу түшүнүлөт.
Систематиканын негизги максаттары:
- Таксондордун аталышын жана сүрөттөлүшүн камсыздоо
- Аныктооо – системадагы ордун табуу, аныктоо
- Экстраполяция, б.а. организмдин тиги же бул таксонго кире тургандыгынын негизинде анын аныктагыч белгилерин божомолдоо. Мисалы, тиштеринин түзүлүшүнүн негизинде, биз так билбесек дагы, жандыкты кемиргичтер отрядына киргизсек, анда анын мөөнү жана бут кетмени бар деп божомолдой алабыз.
Систематика ар-дайым буларды божомолдойт:
Бизди курчаган тирүү организмдердин көп түрдүүлүгү аныкталган ички түзүлүштөн турат,
бул түзүлүш иерархиякалдуу уюшулган же ар түркүн таксондор бирине-бири баш ийишет,
бул түзүлүш аягына чейин билип-таанууга мүмкүн, демек органикалык дүйнөнүн толук, чыпчыргасын бери камтыган системасын – табигый системаны, түзүү мүмкүн.
Баардык таксономикалык иштердин өзөгүндө жаткан бул божомолдорду систематиканын аксиомасы деп атаса болот.