Науру
Науру Республикасы / From Wikipedia, the free encyclopedia
Науру (науру Naoero, англ. Nauru), расмий аталышы Науру Республикасы (науру Ripublik Naoero, англ. Republic of Nauru), мурунку аталышы Жагымдуу арал (англ. Pleasant Island) — Тынч океанынын батышындагы, ушундай эле аталыштагы аралда жайгашкан кичинекей мамлекет. Аянты 21,3 км². Калкы 2023-жылдын маалыматтары боюнча 11,065 адам[1][2], алардын 60% науру.
Науру Республикасы | |||||
| |||||
Урааны: «God’s Will First (Кудайдын эрки — баарынан жогору)» | |||||
Гимн: ««Nauru Bwiema» («Науру ыры») » | |||||
Эгемендүүлүк күнү | 31-январь 1968-жыл
( Улуу Британиядан, Австралиядан жана Жаңы Зеландиядан) | ||||
Расмий тили | Науру тили, англис тили | ||||
Борбор шаары | Жок (де-юре) Ярен (де-факто) | ||||
Ири шаарлар | Ярен | ||||
Башкаруу формасы | Парламенттик республика | ||||
Президент Парламенттин төрагасы | Дэвид Аданг Маркус Стивен | ||||
Мам. дини | Динден тышкары мамлекет | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. | 193-орун - дүйнөдө 21,3 км² 0,57 | ||||
Калкы • Бааланган (2023) • Жыштыгы | 11,065 адам (227-орун) 480 ад./км² | ||||
ИДӨ (САМ) • Бардыгы |
132 млн. $ | ||||
ИДӨ (номинал) • Бардыгы • Ар бир жанга |
133 млн. $ 10,125 $ | ||||
АДӨИ | ▲ 0,696 (орточо) (122-орун) | ||||
Этнохороним | наурулук, наурулуктар | ||||
Акча бирдиги | Австралия доллары (AUD) | ||||
Домени | .nr | ||||
ISO коду | NR | ||||
ЭОК коду | NRU | ||||
Телефон коду | +674 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC +12:00 |
Расмий тили — науру жана англис тилдери. Көбүнчө христиандар. Өкмөт жана мамлекет башчысы - президент.
Науру — жер жүзүндөгү эң кичинекей көз карандысыз республика, эң кичинекей арал мамлекети, Европадан тышкаркы жайгашкан эң кичинекей мамлекет жана расмий борбору жок дүйнөнүн эки гана өлкөсүнүн (Швейцария менен бирге) бири.