Кыргызстан 2020 жайкы Олимпиада оюндарында
From Wikipedia, the free encyclopedia
Кыргызстан 2020 жайкы Олимпиада оюндарына спорттун 7 түрү боюнча 16 спортчусу менен катышат[1]. Кыргызстан эгемен тарыхында жетинчи жолу олимпиада оюндарына катышуусу.
ЭОК коду: | KGZ | |||
УОК: | Кыргызстан улуттук олимпиада комитети | |||
Токиодогу Олимпиада оюндары | ||||
Спортчулар | 16 спортчу 7 спорттун түрү боюнча | |||
Медалдар | Алтын | Күмүш | Коло | Баардыгы |
Оруну: 70 |
0 |
2 |
1 |
3 |
Жайкы олимпиада оюндарынын катышуучусу | ||||
1996 • 2000 • 2004 • 2008 • 2012 • 2016 • 2020 • 2024 | ||||
Кышкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу | ||||
1994 • 1998 • 2002 • 2006 • 2010 • 2014 • 2018 • 2022 | ||||
О. эле | ||||
|
Жайкы Олимпиада оюндары 2020-жылы 24-июлдан 9-августка чейин Жапониянын Токио шаарында өтүшү керек эле, бирок Эл аралык олимпиада комитети COVID-19 пандемиясынан улам 2021-жылга жылдырган[2]. Олимпиада оюндары 23-июлдан 8-августка чейин Токио шаарында өтөт.
Олимпиаданын ачылыш аземинде өлкөнүн туусун ок атуу боюнча спортчу Каныкей Кубанычбекова менен суучул Денис Петрашов көтөрүп чыккан[3]. Эл аралык олимпиада комитети гендердик теңчиликти сактоо үчүн мындан кийин тууну эркек менен аял бирге көтөрүп чыксын деген чечимди кабыл алган[4].
2021-жылы, 15-июлда тууну Кыргызстандан Олимпиадага алгачкы жолу лицензия алган спортчу, грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбеков көтөрүп өтө турганы маалым болгон[5]. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын желегин тапшырган. Бирок Олимпиададагы күрөш боюнча курамдын мелдеши 1-августта башталып, спортчулар 28-июлда баргандыгына байланыштуу туу көтөрүү милдетин башка спортчуларга өткөрүлүп берилген.