Илбирс
From Wikipedia, the free encyclopedia
Илбирс же Барс (латынча Panthera uncia, башка классификацияда - лат. Uncia uncia) — мышыктар тукумундагы, аскалуу бийик тоолордо жашоочу жырткыч айбан, Кыргызстанда да кезигет. Илбирстин систематикалык орду аягына чейин аныктала элек. Бир эле учурда, илбирс чоң мышыктар (Panthera) жана кичине мышыктар (Felinae) урууларынын морфологиялык жана этологиялык көрсөткүчтөрүнүн комбинацияларына ээ. Тыш келбетинин окшоштугунан улам илбирс узак убакыт кабыландын тууганы деп эсептелген. Бирок акыркы молекулярдык изилдөөлөр илбирстин жолборско жакын тууган экендигин аныктаган. [4][5][6]
Ыкчам фактылар Коргоо абалы, Илимий классификация ...
Илбирс, Барс | |
Коргоо абалы | |
---|---|
Илимий классификация | |
дүйнөсү: | Айбанаттар |
тиби: | Хордалуулар |
классы: | Сүт эмүүчүлөр |
түркүмү: | Жырткычтар |
тукуму: | Мышык сымалдуулар |
тукумчасы: | Pantherinae |
уруусу: | Uncia (талаштуу) Gray, 1854[2] |
түрү: | U. uncia |
Биноминалдык аталышы | |
Uncia uncia (Schreber, 1775) | |
subspecies | |
Range map | |
Синонимдери | |
|
Жабуу