Чолпон-Ата
From Wikipedia, the free encyclopedia
Чолпон-Ата — Ысык-Көл облусундагы курорттук шаар. Ысык-Көл районунун административдик борбору. Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде жайгашкан. Бишкек шаарынан 240 км, облустун борбору Каракол шаарынан 135 км. аралыкта жайгашкан. Батышынан Кара-Ой айылы, чыгышынан Бостери айылы менен чектешет. Чолпон-Ата шаары Ысык-Көлдүн жээгинде, Күӊгөй Ала-Тоо тоо кыркасынын шлейфинде жайгашкан.
Шаар | |
Чолпон Ата | |
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Облус |
Ысык-Көл областы |
If: |
Ысык-Көл (район) |
Тарыхы жана Географиясы | |
Биринчи белгиленген |
1922 |
Калкы | |
Расмий тили |
кыргыз тили |
Калкынын саны |
▲ 14 237 (2021-жыл) |
Жыштыгы |
9,73 адам/км2 |
Улуттук курамы |
кыргыздар, орустар, украин, татарлар, казактар, өзбектер, уйгурлар, дунгандар, тажиктер |
Диний курамы |
ислам, христиан, атеистер |
Этнохроним |
чолпонаталыктар |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы |
+6 |
Телефон коду |
+996 |
Почта индекси |
722100 |
http://www.cholpon-atacity.kg/index.php/kg/city-kg/maps-kg |
Чолпон-Ата шаарынын аты 1975-жылы 4- ноябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Кеӊешинин Президиумунун №217 Указы менен облусттук маанидеги шаар статусу ыйгарылган.1993-жылы статусу райондук маанидеги шаарга алмаштырылган. 1998-жылы 23-июндан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин №292 Указы менен Чолпон-Ата шаары жергиликтүү өз алдынча башкарууга өткөн. Шаардын жалпы аянты 1731га-1223га ны ээлейт. Калкы көп улуттуу: кыргыздар жана орустар жалпы калктын санынын 88,2 % түзөт, мындан тышкары украиндер, татарлар, казактар, өзбектер, уйгурлар, дунгандар, тажиктер ж.б. улуттун өкүлдөрү жашайт. Калктын жыштыгы салыштырмалуу төмөн (1га=9,73адам).