Лиссабон
From Wikipedia, the free encyclopedia
Лиссабон, Лисабон (порт. Lisboa, /liʒ'boɐ/, лат. Olisipo — Португалиянын борбору жана башкы шаары. Пиреней жарым аралынын түштүк-батыш жээгинде Тежу дарыясынын чатында, Атлантика океанынан 15 км аралыкта жайгашкан. Лиссабон округунун административдик борбору.
Лиссабон | |||
порт. Lisboa | |||
| |||
Өлкө | |||
---|---|---|---|
Ички бөлүнүшү |
53 аймакка (freguesias) бөлүнөт | ||
мэр |
Антониу Кошта | ||
Тарыхы жана Географиясы | |||
Мурунку аталышы |
лат. Olissipo, ар. al-Lixbûnâ | ||
Аянты |
83,84 | ||
Калкы | |||
Калкынын саны |
545 245 (2010) | ||
Жыштыгы |
6503,41 адам/км2 | ||
Агломерациясы |
Чоң Лиссабон | ||
Этнохроним |
Lisboeta, Lisbonense, | ||
Сандык идентификаторлор | |||
Убакыт аралыгы |
+0 | ||
Телефон коду |
+351 21 | ||
Почта индекси |
1000-1900 | ||
http://www.cm-lisboa.pt/ |
Калкы 473,6 миң (2010; Чоң Лиссабон агломерациясында 2,6 млн). Эл аралык аэропорту, метрополитен бар. Өлкөдөгү ири порт (жылына 15 млн т. жүк ташылат). Финикиялыктар тарабынан болжол менен биздин заманга чейин 2-кылымда негизделген. 1147-ж. арабдардан португалиялыктар тартып алып, Португалия королдугунун курамына кирген. 1255- жылдан Португалиянын борбору. Кеме куруу, электр-техникалык, химия, нефть ажыратуу, металлургия, текстиль, тамак-аш (анын ичинде зайтун майы, балык консервалары) жана башка өнөр жай ишканалары иштейт. Роман стилиндеги собор (12-к., 18-кылымда кайрадан курулган), готика стилиндеги кармелиттердин монастыры (14–15-к.), 17–18-кылымдын ак сарайлары, Ла Эштрела базиликасы сакталган. ИА, университеттер, музейлер (анын ичинде археологиялык, этнографиялык, диний, көөнө жана заманбап искусство), театр, планетарий бар. Ботаникалык бак, зоопарк уюштурулган. Эл аралык туризмдин ири борбору. Жыл сайын заманбап (1977) жана көөнө (1980) музыка фестивалдары өткөрүлүп турат.
- Лиссабон
- Лиссабон