Караганды облусу
From Wikipedia, the free encyclopedia
Караганды облусу (каз. Қарағанды облысы, Karagandy oblysy) — Казакстандагы административдик-аймактык бирдик. Облус 1932-жылы 10-мартта уюшулган. Аянты 428,0 миң км2. Калкы 1333,6 миң (2004). Облустун курамында 9 район, 11 шаар, 16 шаарча бар. Борбору – Караганды шаары. Област Казак Сары-Аркасынын Борбордук бөлүгүн ээлейт. Негизинен бөксө тоолор менен дөңсөөлүү түздүктөр басымдуу. Кен байлыктарынан таш көмүр (Караганды көмүр бассейни), темир, корунд, акиташ, отко чыдамдуу чопо, курулуш материалдары жана башка бар. Климаты кескин континенттик. Январдын Орточо температурасы –16...–17°С, июлдуку 20–21°С. Жылдык жаан-чачыны 250–300 мм, тоолуу аймактарында 300–400 мм. Ири дарыялары: Нура, Кулан-Өтпөс, Есил жана башка Иртыш – Караганды каналы (уз. 500 км) курулган. Майда туздуу көлдөрү көп. Жер астында суусу мол, ал кеңири колдонулат. Топурак кыртышы – корбанаттуу кара, тоолуу кара, кара күрөң жана күрөң. Өсүмдүктөрүнөн чөп (шыбак, бетеге, беде жана башка), бадал (караган, табылгы, ит мурун, ыргай жана башка) өсөт. Каркыралы, Кент, Ку жана башка тоолорунда карагай, кайың, көк терек; өзөн бойлорунда тал, шилби кезигет.
Өлкө | |
---|---|
Административдик борбор | |
Б.ири шаары |
Темиртоо, Жезказган, Сатпаев, Балкаш, Шахтинск |
Калкы |
1 378 288 [1] |
Жыштыгы |
3,1 адам/км² |
Улуттук курамы |
казактар 49,75% |
Деңиз денгээлинен бийиктиги • Бийик чекити • өрточо бийиктиги | |