Дания
From Wikipedia, the free encyclopedia
Дания (дан. Danmark), расмий — Дания Падышалыгы (дан. Kongeriget Danmark) — Түндүк Европадагы мамлекет. Ютландия жарым аралында, Дан архипелагында (ири аралдары: Зеландия, Фюн, Лолланн, Фальстер, Лангеланн, Мён), Ошондой эле Борнхольм аралында, Түндүк Фриз аралынын түндүк бөлүгүндө жайгашкан (анда бардыгы 407 арал бар, анын 99унда эл жашайт). Даниянын курамына Фарер аралдары жана Гренландия да кирет. Батышынан Түндүк деңиз, түштүк-чыгышынан Балтика деңизи менен чулганат, түндүгүнөн Скагеррак кысыгы аркылуу Норвегиядан, түндүк-чыгышынан Каттегат жана Эресунн (Зунд) кысыктары аркылуу Швециядан бөлүнөт; түштүгүндө Германия менен (68 км аралыкта) чектешет. Аянты 43,1 миң км2 (Греландия менен Фарер аралын кошпогондо). Калкы 5,4 млн (2007). Борбору – Копенгаген. Расмий тили – Датчан тили. Акча бирдиги – дания кронасы. Дания административдик аймагы жактан 5 регионго бөлүнөт.
Дания Падышалыгы | |||||
| |||||
Урааны: «Guds hjælp, Folkets kærlighed, Danmarks styrke» «Кудайдын жардамы, элдин сүйүүсү, Даниянын күчү» | |||||
Гимн: «Der er et yndigt land» | |||||
Дания дүйнөлүк картасында | |||||
Негизделген | VIII кылым | ||||
Расмий тили | данча | ||||
Борбор шаары | Копенгаген | ||||
Ири шаарлар | Копенгаген, Орхус, Оденсе, Ольборг | ||||
Башкаруу формасы | мыйзамтизмелик монархиясы | ||||
Ханыша | Маргрете II | ||||
Мам. дини | Лютерчилик | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. | 130 - дүйнөдө 43 094 км² 1,6 | ||||
Калкы • Бааланган (2020) • Жыштыгы | 5 822 763 адам (114) 134,85 ад./км² | ||||
Этнохороним | дан, дандар | ||||
Акча бирдиги | Дан кронасы | ||||
ISO коду | DK | ||||
ЭОК коду | DEN | ||||
Убакыт аралыгы | UTC +1 |
Дания БУУнун (1945), Европалык кеңештин (1949), Европа биримдигинин (1973), ЭВФтин (1946), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1946), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун (1973), НАТОнун мүчөсү.