Беларус тили
From Wikipedia, the free encyclopedia
Беларус тили - чыгыш славян тилдеринин бири. Беларусь Республикасынын мамлекеттик тилдеринин бири. Беларус тили байыркы орус тилине өзөктөш. Ал түндүк-чыгыш жана түштүк-батыш диалектилерден турат. Беларусь адабий тили өзүнө тектеш тилдерден фонетикалык., морфологиялык жактан айырмаланат. Азыркы беларусь жазуусу кириллицага негизделген. Беларус тилинин жазма эстеликтери 14-кылымга таандык.