2016 жайкы Паралимпиада оюндары
From Wikipedia, the free encyclopedia
2016 жайкы Паралимпиада оюндары (расмий аталышы — XV Паралимпиада оюндары) 2016 жылдын 7 - 18 сентябрь аралыгында Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтөт.Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында өтүүчү Паралимпиада оюндарынын бул жолкусу 15-ирет уюштурулуп жатышы. Мелдеш салттуу түрдө жайкы Олимпиада оюндары өткөн жайда орун алат. Оюндардын программасында 22 спорт түрү бар. Жалпысынан 528 комплект медаль ойнотулат. Катыша турган мамлекеттердин саны 178ди түзсө, спортчулардын саны 4350нү түзөт.