Эксклав
From Wikipedia, the free encyclopedia
Эксклав ( б.-грек. ἐξ- «-ден» + лат. clavis «ачкыч») - өлкөнүн негизги аймагынан бөлүнгөн жана бир же бир нече башка мамлекеттер менен курчалган суверендүү эмес аймак. Ошол эле аймак өзү кирген өлкө үчүн эксклав, ал эми кирбеген мамлекет үчүн анклав болуп санаталат. Бирок курамына кирбеген мамлекеттин аймагы менен курчалган. Чыныгы эксклав болуп – өлкөнүн негизги аймагынан бөлүнүп, бирден ашык мамлекет менен курчалган суверендүү эмес аймак болуп саналат.[1]
Деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү бар эксклав жарым эксклав деп аталат. Деңиз мыйзамына ылайык, жарым эксклавга башка өлкөлөрдүн аскер-деңиз күчтөрүнүн кирүүсүн тосууга жол берилбейт. Күнүмдүк турмушта жарым эксклав жана жарым анклавдар көбүнчө учурда жөн гана эксклав жана анклав деп аталышат.