Эгей деңизи
From Wikipedia, the free encyclopedia
Эгей деңизи - жартылай туюк деңиз, Жер Ортолук деңиздин бир бөлүгү.
Балкан, Кичи Азия ж. а-ын жана Крит а-нын ортосунда жайгашкан, жээгинде Грекия менен Түркия мамлекеттери жайгашкан. Дарданелл кысыгы аркылуу Мрамор денизи менен туташат. Аянты 191 миң км2.
Тереңдиги 200-1000 м. Эң терең жери 2561 м. Ири аралдары: Түндүк жана Түштүк Спорада, Кикладдор, Эвбея, Крит, Лесбос, Самос, Иония ж. б. Суунун үстүнкү бетинин тем-расы кышында 11-16°С, жайында 22-25°С. Кара деңизге салыштырмалуу туздуу 37-40%о. Суткасына эки жолу ташкындайт (бийиктиги 1 мте чейин). Балык (сардина, скумбрия, ж. б.) кармалат.