Франклин Рузвельт
From Wikipedia, the free encyclopedia
Франклин Рузвельт 1882-жылы 30-январда бардар γй-бγлѳдѳ туулган. Атасы Жеймс Рузвельт, энеси Сара Делано. Бала чагы Гайд-паркта ѳткѳн, Нью-Йорк штатына караштуу Олбани шаарында. Ата-энеси Европага барган сайын Франклинди жанына алып дайым алып жγрγшчγ. Ошону менен бирге аны чет тилдерин, тарыхты , искуствону жакшы окутуш γчγн γйгѳ мугалимдерди чакырып окутушчу. 14-жашка чейин γйдѳн немец , француз тилдерин , тарыхты , искуствону мугалимдер менен окуп, ѳз алдынча дагы кѳп китептерди окуган. Маркаларды коллекция кылууга жана денизге саякат кылууга кызыккан, яхтада сγзγγнγ жактырган. 1896-жылы ата-энеси Франклинди Бостонго жакын Гротондогу аристократтардын жеке мектебине берген. Ал бараары менен 3-класска отурган. Мектептин программасына : латын, грек , француз,немец тилдери жана тарых кирген.Франклин кѳптѳгѳн моралдык принциптерди ѳздѳштγргѳн. Алсак ачууга алдырбоо, билим ,эмгек, жана чындык менен жγрγгѳѳ γйрѳнгѳн. 1900-1903-жылдары Гарвард университетинин студенти. Ал англис жана француз адабиятын , латын тилин, тарых, оратордук искусство, укук, экономика ж.б. курстарды тандап алган.Окуу мезгилинде студенттердин газетасы менен активдγγ иштешкен жана анын башкы редактору болгон. « Буларга жардам берγγ» фондунун мγчѳсγ. 1903 –жылы Гарвард университетинин бакалавр дипломун алып, кийинки жылы Колумбия университетинин юридика мектебине тапшырган.