Фенол
From Wikipedia, the free encyclopedia
Фенол (карбол кислотасы) C6H5OH — антисептикалык каражаттардын бири.
Абдан күчтүү, өзгөчө жыты бар, сууда начар эрийт. Турак жайды, турмуш-тиричилик оокаттарды дезинфекциялоодо 3—5%түү эритмелери колдонулат. Фенол — уу зат. Ал организмге тери аркылуу оңой өтүшү мүмкүн. Андан ууланганда баш айланып, ооруйт, ал кетет, жүрөк начар иштейт, дем кыстыгат. Жардам бергенде ууланган кишини абага чыгарып, денедеги фенол тийген ачык жерлерди этил спирти менен жууп, тазалоо зарыл (Уулануу).