Феминизм
From Wikipedia, the free encyclopedia
Феминизм (лат. femina “аял”) – аялдардын саясий, экономикалык жана социалдык укуктарын кеңейтүүгө жана сексизмди жеңүүгө багытталган идеологиялардын, саясий жана коомдук кыймылдардын жыйындысы.[1] Феминизм кыймылы патриархалдык коомго жооп катары жаралган, жыныстык жана гендердик белгилер боюнча дискриминацияга каршы күрөшүүнү максат кылат. Кыймыл аялдардын тандоо укугу, мамлекеттик кызматта иштөөгө, жеке менчикке, билим алууга, өз денесине өзү ээ болууга жана төрөт боюнча өргүүгө, эмгекке жана тең маяна алууга күрөшүп келген. Феминисттер ошондой эле контрацепцияга, мыйзамдуу абортко жетүүнү камсыз кылуу, аялдарды жана кыздарды зордуктоодон, сексуалдык асылуулардан жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо үчүн күрөшүп келишкен.[2] Феминисттик кыймыл – аялдардын укугу чөйрөсүндө негизги тарыхый коомдук өзгөрүүлөрдүн артында турган негизги күч деп эсептелет. Феминизм – аялдардын укугу үчүн күрөшөт деп кабыл алынганы менен, айрым феминисттер патриархалдык коом, салттуу гендердик ролдор эркектерге да зыянын тийгизет деп эсептешет.[3] Мисалы, жигитти милдеттүү түрдө аскердик кызматка чакыруу, окшош эле кылмыш үчүн эркекке катаалыраак жаза берүү жана башка. Кээ бир чөйрөлөрдөгү көрүнүктүү прогресске карабастан, дүйнөнүн бир дагы өлкөсү - бай же кедей - гендердик теңчиликке жетише элек. Көп учурда аялдар жана кыздар ден соолук, билим берүү, үйдө жана эмгек рыногунда дискриминацияга дуушар болушат, бул алардын эркиндигине терс таасирин тийгизет[4].
Феминисттик кыймылдын символу Венеранын күзгүсүндө камтылган түйүлгөн муштум (күрөштүн жана каршылыктын символу). Кызгылт көк түс - феминизмдин салттуу түсү.