Тыбыт
From Wikipedia, the free encyclopedia
Тыбыт – малдын жана куштун өтө майда, ичке жүну.
Тыбыт малдын жана куштардын организминдеги терморегуляцияны жакшыртууга жардам берет. Куш канатынын астында жана жемсөөнүн тегерегинде майда Тыбыттуу жүн өсөт. Куш Тыбыты сапаттуу мамык жаздык, жууркан жасоого жана кийим жылуулоого пайдаланылат. Куш Тыбыты мамык. пар деп да аталат. Эчкинин, коёндун жана жапайы айбанаттардын Тыбыты ичке жана жумшак болот. Уяң жүндүү кой Тыбыты да ичке Тыбытка кошулат. Мындай Тыбыттан сапаттуу жана бышык кездеме токулат, эчки Тыбытынан негизинен жоолук, балдарга топу, мээлей, төө менен коёндун Тыбытынан тор кездеме токулат.