Скелет
From Wikipedia, the free encyclopedia
Скелет (латынча skeleto ← байыркы грек skeletos «кургатылган») — жаныбардын денесиндеги денени колдоочу жана аны механикалык жабыркоодон коргоочу катуу ткандардын жана түзүлүштөрдүн жыйындысы.
Скелети бар эң байыркы белгилүү организм Австралиянын түштүк жээгиндеги океандын түбүндө 550-560 миллион жыл мурун жашаган губка сымал Coronacollina acula болгон. Сыртынан караганда ал түз скелет, радиалдык нурлануучу мамыча сыяктуу көрүнгөн.