Ровно облусу
Украинанын батышындагы облусу / From Wikipedia, the free encyclopedia
Ровно облусу[1][2][3][4] (укр. Рівненська область) — Украинанын түндүк-батышындагы облусу. Батышта Волынь облусу, түндүгүндө Беларусь (Брест жана Гомель облустары), чыгышында Житомир, түштүгүндө Украинанын Львов, Тернополь жана Хмельницкий облустары менен чектешет.
Акимий борбору жана ири шаары — Ровно, башка ири шаарлары — Вараш, Дубно, Костополь, Сарный, Здолбунов, Острог, Березно, Радивилов, Дубровица.
1991-жылга чейин аймак Ровен деп аталып келген[2][5] (укр. Ровенська[6]). Көптөгөн украин булактарында, анын ичинде расмий булактарда аймак Ровно деген ат менен көрсөтүлгөн[7].