Рентгеноскопия
From Wikipedia, the free encyclopedia
Рентгеноскопия - сөз жасоо органдарынын сүрөтүн рентген аппаратынын жардамы менен түшүрүп алуу.
Рентгеноскопия — рентген-диагностика ыкмасынын бири.
Анда изилденүүчү объекттин элеси флюоресценциялоочу экранга түшүрүлөт. Ал экран анча жарык болбойт, ошондуктан рентген бөлмөсү караңгыланып врач-рентгенологдун көзү караңгыга көнгөндөн кийин гана рентгеноскопия жүргүзүлөт. Көкүрөк көңдөйүнүн органдары рентген нурларын ар кандай сиңиргендиктен, аба толгон өпкө экранда жарык, жүрөк, омуртка тутуму күңүрт көрүнөт. Өпкө ооруларында өпкө тканынын бузулушу анда оңой эле билинет.