Осмон империясы
From Wikipedia, the free encyclopedia
Осмон империясы (же Осмондуу мамлекети) (осм.: دَوْلَتِ عَلِيّهٔ عُثمَانِیّه - Девлет-и ʿАлиййе-и ʿОсманиййе[1][2]) — 1299-1923-жылдар арасы жашап, Чыгыш Европа, Түштүкбатыш Азия жана Түндүк Африкага чейинки жерлерди ээлигине алган, XVI. кылымга келгенде дүйнөнүн эң күчтүү империясы боло алган түрк-ислам мамлекети.
Улуу Осмон мамлекети دوله عثمانیه عالیه
| |||||||||||||||||||||||||||||||
| |||||||||||||||||||||||||||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| |||||||||||||||||||||||||||||||
Ураан Калып:Lang-ota3 орус. Түбөлүк мамлекет | |||||||||||||||||||||||||||||||
Гимн Калып:Нп5 | |||||||||||||||||||||||||||||||
Осмон империясы 1683-жылда | |||||||||||||||||||||||||||||||
Борбор калаа | Сөгүт (1299—1329) Бурса (1329—1365) Эдирне (1365—1453) Константинополь (Ыстамбул) (1453—1922) | ||||||||||||||||||||||||||||||
Тил | осмон тили жана башкалар | ||||||||||||||||||||||||||||||
Дин | Ислам (сунний) | ||||||||||||||||||||||||||||||
Акча бирдиги | акче, куруш, лира | ||||||||||||||||||||||||||||||
Аянт | 7 607 380 км² | ||||||||||||||||||||||||||||||
Калк | 35 350 000 чел. (жер калкынын) 2,6 %ы | ||||||||||||||||||||||||||||||
Башкаруу формасы | Абсолюттук монархия:
Конституциялык монархия:
| ||||||||||||||||||||||||||||||
Сулале (династия) | Осмондор | ||||||||||||||||||||||||||||||
султан | |||||||||||||||||||||||||||||||
Өтүүчүлүк | |||||||||||||||||||||||||||||||
← Кония султандыгы Түркия → | |||||||||||||||||||||||||||||||
|
Мамлекеттин негиздөөчүсү жана осмон сулалесинин атасы - огуздардын бозок бутагынын кайы уругунан чыккан Осмон Гази болгон.[3] 1299-жылы Билежик провинциясынын Сөгүт аймагында (айрым пикирлер боюнча, 1302-жылы Йаловада[4][5].) мамлекет болуп жарыяланган. Ыстамбулга чектеш болгон Чыгыш Рим империясын жыккан мезгилин айрымдары Жаңы Чактын башталышы катары карашат. Осмон империясы XVI-XVII к. кызуу күчөгөн убагында үч континентке (кытаага) жайылып, Түштүкчыгыш Европа, Орто Чыгыш жана Түндүк Африканын көпчүлүк бөлүгүн өз ээлигине алган. Өлкөнүн чектери батыштан Гибралтар кысыгы (1553-ж. Марокко жээктерине), чыгыштан Каспий деңизи жана Басра булуңуна, түндүгүнөн Австрия, Венгрия жана Украинанын бир бөлүгү жана түштүгүнөн Судан, Эритрея, Сомали жана Йеменге чейин жеткен.[6] Осмон империясы 29 өлкөдөн жана автоном болгон Богдан, Эрдел жана Эфлак бектиктеринен түзүлгөн, ошондой эле бара-бара деңизден аркы жерлерде да сөз ээси болгон. Буга мисал катары Атлантика океанындагы кыска убак багынтуулар болгон Ланзароте[7] (1585), Мадейра (1617), Вестманнейжар[8] (1627) жана Ланди[9](1655) көргөзүлөт.
Мамлекет алты кылым бою Чыгыш жана Батыш дүйнөсүнүн ортосунда көпүрө сымал болгон. Мезгил-мезгил менен бир канча көтөрүлүштөр болуп турса да, жалпысынан дин, тил жана раса айырмаларына кийлигишпегендиги үчүн кылымдар бою бир топ мамлекеттерди жана улуттарды өз бийлиги астында кармай алган.[10]Осмон империясы эски түрк салттары жана адаттары менен ислам маданиятынын милдеттенмелерине ылайык келген башкаруу формасын жүргүзүшкөн.[11]