Орозо айт
From Wikipedia, the free encyclopedia
Орозо айт / Ид аль-Фитр (ар. عيد الفطر) — мусулмандардын диний майрамы. Орозо аяктагандан кийин өткөрүлөт. Жылына рамадан айында 12 жаштан жогорку мусулмандар 30 күн орозо кармоого парс делинет. Орозонун акыркы күнү «айбашы» аталып, ар бир үйдө боорсок бышырылып, арбактарга куран түшүрүлүп, кайыр-садага берилет. Эртеси орозо айт майрамы башталат. Күн жаңы чыкканда эркектер жакшы кийим кийип, атка минишип, эркек балдарын да жасалгалуу кунан-тайларга мингизип алышып, айт намазга жыгылганы барышат; кыбыла тарапты карап намаз окушат. Намазга келгендер «намаз акы» деп акча ташташат. Намаздан кийин жаш өзгөчөлүгүнө жараша (чалдар, кемпирлер, аялдар, эркектер, келин-кыздар, балдар) топ-топко бөлүнүп алышып, кыдырата үйлөргө кирип айтташат; ар бир үйдөн даам ооз тийишип, өлгөндөргө куран түшүрүшөт.