Мырза Насир Ахмад
From Wikipedia, the free encyclopedia
Мырза Насир Ахмад (Урду тилинде مرزاناصراحمد) (16-ноябрь 1909-жылы 9-июнь 1982-жылы) Убада кылынган Мессиянын III халифасы, Ахмадия Мусулман Жамаатынын жетекчиси. Ал мурунку халифа жана атасы Мырза Башируддин Махмуд Ахмад каза тапкандан бир күндөн кийин 1965-жылдын 8-ноябрында Мырза Гулам Ахмаддын үчүнчү халифасы болуп шайланган.
Убада кылынган Мессиянын III-Халифасы | ||
| ||
---|---|---|
08-ноябрь[1] 1965-жылы — 09-июль 1982-жылы | ||
Андан мурунку: | Мырза Башируддин Махмуд Ахмад | |
Андан кийинки: | Мырза Тахир Ахмад Ахмад | |
Дини: | Ислам | |
Туулган жылы: | 16-ноябрь 1909-жыл | |
Туулган жери: | Кадиян, Индия | |
Каза болгон жылы: | 09-июнь 1982-жыл | |
Мүрзөсүнүн орду: | «Бахиштий Макбара», Рабвах, Пенжаб, Пакистан | |
Атасы: | Мырза Башируддин Махмуд Ахмад | |
Апасы: | Махмуда Бегам | |
Жубайы: | Сахибзадий Саййида Мансура Бегам (1934-жылы үйлөнгөн 1981-жылы каза тапкан) Тахира Сиддика Насир (1982-жылы үйлөнгөн) | |
Балдары: | уулдары: Мырза Анас Ахмад, Мырза Фарид Ахмад, Мырза Лукман Ахмад, кыздары: Аматул Шакур, Аматул Халийм | |
Автограф: | ||
Насир Ахмад өзүнөн мурунку халифа – Убада кылынган Мессиянын IIхалифасы баштаган миссионердик ишмердүүлүктөрдү кеңгейтүүсүменентаанымал. Ал 1974-жылы Пакистандын Жогорку КеңешиндеАхмадия Мусулман Жамаатына өкүлчүлүк дагы кылган. Анын аракеттерине карабай, Пакистандын Жогорку Кеңеши Ахмадийлерди каапыр деп токтом чыгарган жана ошол убакытта Жамаатка көрсөтүлгөн зор жетекчилиги жана багыттуулугу байкалган.[2]
1980-жылы Насир Ахмад Испанияга жол тартып, Педро-Абад деген аймакта «Башарат» аттуу мечитке алгачкы ташын койгон. Ал мечит 1982-жылы ал киши кайтыш болгондон кийин ачылган, ал Reconquista жана 1492-жылы Гарната колдон чыгып кеткенден кийин Испанияда салынган биринчи мечит болчу.[3][4]