Макс Хоркхаймер
From Wikipedia, the free encyclopedia
Хоркхаймер Макс (1895–1973) – немец философу ж-а социологу.
Франкфурттук мектептин бирден бир негиздөөчүсү. 1931–1965-ж. социалдык изилдөө институтунун башчысы, 1934-ж. тартып 1949-ж. чейин АКШда эмиграцияда болгон. Х. Адорно м-н биргелешип жазган «агартуунун диалектикасы» (Диалектика просвещения) аттуу чыгармасы, Франкфурттук мектептин философиялык-социологиялык көз-караштарын чагылдыруучу программасы катары каралган. Х. өнүктүргөн айтылуу Коомдун сын теориясында Гегелдин диалектикасы, Фрейддин психоанализи, Шопенгауэрдин этикасы м-н Маркстын буржуазиялык коомду сындоо көз карашын айкалыштырууга аракет жасаган.