Локомотив
From Wikipedia, the free encyclopedia
Локомотив (фр. locomotive, лат. loco moveo – ордунан жылдырам) – поезддерди рельс боюнча жылдыруучу сүйрөгүч машина. Аткарган кызматы боюнча жүргүнчү ташуучу, жүк ташуучу жана манёвр жасоочу болуп айырмаланат. Орнотулган кыймылдаткыч түрү боюнча: паровоз, электровоз (тиймектүү жана аккумулятордуу), тепловоз, газотурбовоз, мотовоз, ошондой эле айкалыштырылган кыймылдаткычтуу – дизель-электровоз, теплопаровоз жана башка болуп бөлүнөт. Ошондой эле локомотивдин функциясын дизель поезд менен электропоезддин мотордуу вагону (электржана дизельпоезддер) жана дрезина аткарат. Аткарган жумуштун түрү боюнча магистралдык (жүргүнчү, жүк ташуучу, манёвр жасоочу), өнөр жайлыклык (заводдун, кен чыгуучу шахталардын ичинде иштейт) болот.