Константин Сергеевич Новоселов
From Wikipedia, the free encyclopedia
Сэр Константин Сергеевич Новоселов (1974-жылы 23-августта СССР, Нижний Тагилде туулган) - орусиялык жана англиялык физик. 2010-жылкы химия боюнча "Нобель" сыйлыгынын лауреаты (Андрей Гейм менен бирге), 2011-жылдан тартып Лондон падышалык коомунун мүчөсү.
2016-жылдын октябрына чейин эмгектерине 112 000 цитата кылынган. Хирш индекси - 86. Thomson Reuters версиясына ылайык 2014-жылдын эң таасирдүү окумуштуулар рейтингинин алдыңкы саптарына кирген.
2011-жылы 31-декабрда II Элизабет канышанын буйругу менен илимге кошкон салымы үчүн ага бакалавр-рыцары наамы ыйгарылган.