Ибн Сина
From Wikipedia, the free encyclopedia
Ибн Сина (Фарсча: ابن سینا; толук аты жөнү: Абу Али Хусейн ибн Абдуллах ибн Сина; 980-жыл, Афшана айылы, Бухара — 21-июнь 1037-жыл, Хамадан) — Медицина кызматкери, Физик, жазуучу, философ жана окумуштуу болгон.
Ирандын почта маркасындагы Ибн Синанын портрети | |
Толук аты-жөнү | Абу Али Хусейн ибн Абдуллах ибн Сина |
---|---|
Төрөлгөн |
980 Афшана айылы, Саманийлер мамлекети |
Көз жумган |
18-июнь 1037 (56–57 жаш) Хамадан, Аббасид халифаты |
Доор | Исламдын алтын доору |
Олуттуу идеялары | Медицина, Астрономия, Философия, Астрономия, Поэзия, Химия, Логика, Геология |
Уюмдар | Чыгыш-Перипатетизми |
Таасир бергендер
|
Бухарага жакын жердеги Афшана айылында (Өзбекстан) Хижранын 370 (б.з. 980) жылында жарык дүйнөгө келген. Хамадан шаарында (Иран) 427 Хижранын жылында каза болгон. Медицина жана Философия тармагында жана башка тармактарда 450дөн ашык китеп жазган. Батыш элдерине орто кылымдагы заманбап илимдин негиздөөчүсү жана атактуу даарыгер катары таанымал болот. Медицина тармагында жети кылым бою El-Kanun fi't-Tıb (Медицина мыйзамдары) аттуу китеби Европа университеттеринде 17-кылымдын ортолоруна чейин негизги булак катары колдонулган.[1][2][3][4][5][6] Fars veya Türk[7][8] bilim adamıdır.
Ибн Сина Кушйар аттуу адамдын жанында медицина боюнча билим алган. Ар кандай темаларда 450дөн ашык макала жазган.Бизге жеткен маалыматтар боюнча макалалардын 150 философия, 40 ашыгы медицинага байланыштуу. Чыгармаларынын эң атактуусу философия жана так илимдерди камтыган Kitabü'ş-Şifa (Айыгуу китеби) жана El-Kanun fi't-Tıb' (Медицина илимдери) аттуу китептери. Бул эки китеп ошол учурда өтө чоң эмгектердин бирөөсү болгон.
Самагогулларыı сарайынын кызматкерлеринен болгон Абдуллах ибн Сина'нын уулу Ибн Сина (Батышка Avicenna аты менен таанылган), атасынан, атактуу акылман Натилден жана Исмаил Захитен сабак алган. Геометрия, логика, фыкых, медицина жана жаратылыш тармактарында эмгектенген. Фарабинин [9] аркасы менен[[Аристотел]дин философиясын жана метафизикасын үйрөнүп, ооруп жаткан Бухара ханзаадасын айыктыргандан кийин (997) сарай китепканасын колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.Атасы өлгөндөн кийин, Жүр-Жанда Шираздык Эбу Мухаммадтан жардам алып турган. Заманында атактуу болгон грек философторунун эмгектери менен жакындан таанышып чыккан.