Дискреттик математика
From Wikipedia, the free encyclopedia
Учурда дискреттик математика математиканын аябай бат өнүгүп келе жаткан тармактарынын бири. Мунун себеби бардык жерде кибернетикалык системалардын жайылышы, анткени анын сүрөттөө тили болуп саналат. Мындаш тышкары, дискреттик математика күнүмдүк жашоого дагы да тереңирээк кирип жаткан инофрматика илиминин теориялык негизи болуп саналат.
Дискреттик математика ыкмалары, анын ичинде классикалык математиканы салттуу каражаттар менен мүнөздөөгө мүмкүн эмес, көптөгөн көйгөйлүү жагдайларды, сүрөттөп жана андан кийин иштиктүү талдоо үчүн жарактуу болуп саналат, жана зарыл болсо, жигердүү заманбап эсептөө техникасын, жаңы маалыматтык технологияларды колдонууга мүмкүнчүлүк берет.
Дискреттик математикада изилденген объекттердин жыйындысы чектүү жана чексиз болуп болунот. Чектүү математика деген термин кээ бирки учурда дискреттик математиканын чектүү топтомдоруна да карата колдонушу мүмкүн, айрыкча бизнеске тиешелүү чөйрөлөргө.
Дискреттик математиканын изилдөөлөрү 20-кылымдын экинчи жарымында "дискреттүү" кадамдар менен иштеген жана маалыматтарды "дискреттүү" биттерде сактаган санариптик компьютерлердин өнүгүшүнө байланыштуу өнүгүп баштады. Дискреттик математикадан алынган түшүнүктөр жана компьютердик алгоритмдер, программалоо тилдери, криптография, автоматташтырылган теоремаларды далилдөө жана программалык камсыздоону иштеп чыгуу сыяктуу информатика илиминин тармактарындагы объектерди жана маселелерди изилдөөдө жана сүрөттөөдө пайдалуу.
Дискреттик математиканын негизги изилдөө объекти дискреттик объекттер болсо деле, математиканын «үзгүлтүксүз» аналитикалык ыкмалары да көп колдонулат.
Университеттин окуу пландарында дискреттик математика 1980-жылдары пайда болгон, адегенде информатиканы колдоо курсу катары; анын мазмуну ошол кезде бир аз коркунуч жараткан. Окуу планы ACM жана MAAнын аракеттери менен чогу иштелип чыгып, биринчи курстун студенттеринин математикалык жетилгендигин өнүктүрүүгө багытталган; ошондуктан, азыркы учурда кээ бирки университеттерде математика адистиги үчүн да окуу шарт болуп саналат. [1] [2] Кээ бир жогорку мектептерде дискреттик математика окуу программаларына да кирген [3] Бул деңгээлде дискреттик математика прекалькулус сыяктуу даярдоо курсу катары каралат. [4]
Фулкерсон сыйлыгы дискреттик математика боюнча мыкты эмгектер үчүн ыйгарылат.