Голарктика
From Wikipedia, the free encyclopedia
Голарктика – ээлеген аянты боюнча эң чоң зоогеографиялык область.
Ал түндүк жарым шардын дээрлик бардык кургак аймагын ээлейт; Түндүк Америка, Европа, Африканын түндүгү жана Азиянын көпчүлүк бөлүгүн ээлейт.
Бул область ландшафтарынын көп түрдүүлүгү менен мүнөздөлүп, тундра, тайга же ийне жалбырактуу токой, жалбырактуу токой, талаа, жарым чөл, ошондой эле тоо системалары да кирет. Бирок, ландшафттардын көп түрдүүлүгүнө жана аймагынын чоңдугуна карабастан фауна түрлөрдүн саны боюнча жана систематикалык категориялардын саны боюнча да өтө кедей болот. Эндемизмдин аздыгы мүнөздүү. Түндүк жакта фауна кедей жана бир тектүү.