Герц Генрих Рудольф
From Wikipedia, the free encyclopedia
Ге́нрих Ру́дольф Герц (нем. Heinrich Rudolf Hertz; 22-февраль 1857-жыл, Гамбург — 1-январь 1894-жыл, Бонн) — немис физиги.
Heinrich Rudolf Hertz | |
Туулган жылы: |
22 -февраль 1857(1857-02-22) |
---|---|
Туулган жери: |
Гамбург, Германия |
Каза болгон жылы: |
1 -январь 1894(1894-01-01) (36 жаш) |
Каза болгон жери: |
Бонн, Германия |
Өлкө: |
Германия |
Илимий чөйрөсү: |
Физика, Электротехника |
Иштеген жери: |
Киль университети |
Альма-матер: |
Людвиг Максимилиан атындагы Мюнхен университети |
Илимий жетекчиси: |
Гельмгольц |
Кол тамгасы |
Берлин университетин бүтүргөн, ал жерде анын окутуучулары Герман фон Гельмгольц жана Густав Кирхгоф болгон. 1885-жылдан 1889-жылга чейин Карлсруэ университетинде физика профессору болуп иштеген. 1889-жылдан баштап — Бонн университетинде физика профессору.
Электр-магнит толкунунун бар экенин тажрыйба жүзүндө (вибратордун жардамы менен, 1886-89-жылдары) далилдеген. Максвелл теңдемесин симметриялык формага келтирген (1890). Электр-магнит жана жарык толкундарынын негизги касиеттеринин теңдештигин тажрыйбада аныктаган. Сырткы фотоэффект кубулушун (1887) ачкан. Өз ысмы менен аталган принципке негизделген механиканы түзгөн.
Негизги жетишкендиги — Джеймса Максвеллдин жарыктын электромагниттик теорииясын эксперимент аркылуу далилдөө. Герц электромагниттик толкундардын бар экендигин далилдеген. Ал электромагниттик толкундардын чагылуусун, интерференциясын, дифракциясын жана поляризациясын ачкан, алардын ылдамдыгынын жарыктын таралыш ылдамдыгы менен бирдейлигин жана жарыктын электромагниттик толкундардын эле бир түрү экендигин тапкан. Герц кыймылдагы нерселердин электродинамикасын түзгөндө, эфир кыймылдагы нерселерге илешип кетет деп натуура ойлогон. Тажрыйбада анын электродинамикасы далилденген эмес, жана кийин Хендрик Лоренцтин электрондук теориясына орун бошоткон. Герцтин ачкандары кийин радионун өнүгүшүнө негиз болгон.
1886—87-жылдарда Герц сырткы фотоэффект кубулушун ачкан жана баяндап жазган. Герц резонанстык контур теориясын түзгөн, катод нурларынын касиеттерин үйрөнгөн жана ультрафиолет нурларынын электрдик разрядга таасирин изилдеген. Механикадагы айрым эмгектеринде серпилгич шарлардын урунушуу теориясын баяндаган, урунушуу убактысын эсептеп чыккан ж.у.с «Механиканын принциптери» деген китебинде (1894) механиканын жалпы теоремаларын чыгарган жана бирдиктүү принциптен (Герц принциби) келип чыгуучу математикалык аппаратын түзгөн.
Жыштыкты ченөөнүн бирдиги 1933-жылдан бери Герцтин ысмын алып жүрөт жана эл аралык метрдик СИ системасына кирет.