Борис Пастернак
From Wikipedia, the free encyclopedia
Борис Леонидович Пастернак (29 [10]-февраль 1890, Москва - 30-май 1960, Москва облусу, Переделкино) - орус жазуучусу, акын, котормочу. XX кылымдын улуу акындарынын бири. Алгачкы ырлары 1913-ж. жарыяланган. Тунгуч ырлар жыйнагы 1914-ж. жарык көргөн. «Өмүр – менин кыйбасым» (1922), «Экинчи төрөлүү» (1932) лирикалык жыйнактары, «Толкунданганда» (1956-59) цикли, «Тогуз жүз бешинчи жыл» (1925-26) жана «Лейтенант Шмидт» (1926-27) тарыхый-революциялык поэмалары бар. «Көкүрөктөн кетпес дарт » (1925) поэмасы эпикалык мүнөзгө ээ. Повесттери жана абстракттуу гуманизмдин өңүтүнөн жазылган «Доктор Живаго» романы (1957-ж. чет мамлекетте жарык көргөн; 1958-ж.
Нобель сыйлыгы берилип, советтик басма сөздө сынга алынып, андан баш тарткан) бар. У. Шекспирдин, И. Гётенин, П. Верлендин жана грузин акындарынын чыгармаларын орус тилине которгон.