Борбордук франция массиви
From Wikipedia, the free encyclopedia
Борбордук франция массиви — Франциянын борбордук жана түштүк бөлүктөрүндөгү тоолор. Базальт платосунан жана бөксөтоолордон байыркы өчкөн жанартоо конустары көтөрүлүп турат. Эң бийик жери 1886 м ге чейин (Мон-Дор тобундагы Пюи-де-Санси чокусу). Түштүгүн Кос карст платосу, түштүк-чыгышын Севен тоолору ээлейт. Жазы жана ийне жалбырактуу токой, 1400 м ден жогору шалбаа, бадал өсүмдүктөрү өсөт. Минералдуу суу булактары, курорттору (Виши жана башкалар) бар.