Мадумаров Адахан Кимсанбаевич (1965-жылы 9-мартта, Ош облусу, Өзгөн району, Куршаб айылы) – мамлекеттик жана саясий ишмер. Тверь (Орусия) мамлекеттик университетин (1992), КМУну (1999) бүтүргөн. 1992–94-жылдары Кыргыз Республикасынын басма сөз жана маалымат министрлигинде референт, «Түрк ааламы» гезитинин башкы редактору, КТРКнын алдындагы балдар жана жаштар телепрограммасында редактор, башкы редактордун орун басары, башкы редактор, 1994–95-жылдары саясий серепчи, 2005–06-жылдары Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри, 2006–07-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы, 2008–09-жылы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы болуп иштеген. Жогорку Кеңештин депутаты (1995–2000; 2000–05; 2007–08). «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын жетекчиси (2010). КМШ өлкөлөрүнүн Парламент аралык ассамблеясынын алтын медалы менен сыйланган.
Ыкчам фактылар Желек Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы желек, январь — 29-май 2008 ...
Жабуу