Австралия
From Wikipedia, the free encyclopedia
Австралия (англ. Australia) расмий аталышы — Австралия Бирлиги (англ. Commonwealth of Australia) – Австралия материгиндеги мамлекет. Материке жакын жайгашкан Тасмания аралы да Австралиянын курамына кирет. Түндүгүнөн Тимор, Арафура деңиздери жана Торрес кысыгыгы, чыгышынан Коралл жана Тасман деңиздери, түштүгүнөн Басс кысыгы жана Инди океанынын суулары чулгайт. Флиндерс, Кинг, Кенгуру жана башка майда аралдар, ошондой эле Ашмор жана Картье аралдары, Рождество, Кокос аралдары, Херд аралы жана Макдональд аралдары, Норфолк аралы да Австралияга карайт. Аянты – 7,688,287 км². Калкы – 25,890,773 адам (2023). Борбору – Канберра шаары. Мамлекеттик тили – англис тили. Акча бирдиги – Австралия доллары.
Ыкчам фактылар
Австралия Бирлиги | |||||
| |||||
Гимн: «Advance Australia Fair (Алга, кереметтүү Австралия)» | |||||
Расмий тилдери | |||||
Борбор шаары | Канберра | ||||
Ири шаарлар | Сидней, Мельбурн, Брисбен, Перт, Аделаида, Голд-Кост, Канберра, Ньюкасл, Вуллонгонг | ||||
Башкаруу формасы | Конституциялык монархия | ||||
Король Генерал-губернатор Премьер-министр | Чарльз III Дэвид Харли Энтони Албаниз | ||||
Мам. дини | Динден тышкары мамлекет | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. | 6-орун - дүйнөдө 7,688,287 км² 1,79 | ||||
Калкы • Бааланган (2023) • Жыштыгы | 25,890,773 адам (53-орун) 3,5 ад./км² | ||||
ИДӨ (САМ) • Бардыгы |
▲1,719 трл $ | ||||
ИДӨ (номинал) • Бардыгы • Ар бир жанга |
▲1,688 трл $ ▲63,487 $ | ||||
АДӨИ | ▼ 0,946 (төмөн) (10-орун) | ||||
Акча бирдиги | Австралия доллары | ||||
Домени | .au | ||||
ISO коду | AU | ||||
ЭОК коду | AUS | ||||
Телефон коду | +61 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC +08:00-+11:00 |
Жабуу