Абхаз тили
From Wikipedia, the free encyclopedia
Абхаз тили (абх. Аԥсуа бызшәа) — абхаз элинин тили. Кавказ (ибери-кавказ) тилдеринин абхаз-адыгей тобуна кирет. Эки диалектиге (абжуй, бзыбь) бөлүнөт.
Ыкчам фактылар Расмий аталышы:, Өлкөлөр: ...
Расмий аталышы: |
Аԥсуа бызшәа, аԥсшәа |
---|---|
Өлкөлөр: | |
Расмий статусу: |
|
Колдонгондордун жалпы саны: |
125 000[2] (2023) |
Классификациясы | |
| |
Жазылышы: |
Кириллица: Абхаз жазуусу |
Тилдер коду | |
ISO 639-1: |
ab |
ISO 639-2: |
abk |
ISO 639-3: |
abk |
Жабуу
Адабий тили абжуй диалектисинин негизинде калыптанган. 1862-ж. П. К. Услар орус графикасынын негизинде туңгуч абхаз алфавитин иштеп чыккан жана абхаз тилинин адабий формасы ошол мезгилден тартып калыптана баштаган. Латын графикасынын негизинде 1928-ж. жазмасы иштелип чыккан, 1938-ж. ал грузин графикасына, ал эми 1954-ж. орус графикасына которулган.