Абужа
From Wikipedia, the free encyclopedia
Абужа — Нигерия Республикасынын борбор шаары (1991-жылдан). Өлкөнүн борбордук бөлүгүндө, Жос платосунда жайгашкан. Жолдор тоому. Эларалык аэропорт. Өлкөнүн мурдагы борбору Лагос шаарын Абужага которуу 1976-ж. кабыл алынган. Борбордук банк, радио үйү, мечит, университет (1918), Нигерия жол-курулуш институту, тамак-аш өнөржайлары бар. 1828-ж. курулган чептүү лагердин ордунда пайда болгон.