АКШ президенттеринин тизмеси
From Wikipedia, the free encyclopedia
Америка Кошмо Штаттарынын Президенти - Америка Кошмо Штаттарынын аткаруу бийлигинин жана мамлекеттин башчысы. Кызмат 1787-жылы Конституциялык конвенция (жыйналыш) тарабынан кабыл алынган АКШнын Конституциясы[1] тарабынан киргизилген.
Жорж Вашингтон 1789-жылы АКШнын биринчи президенти болгон. Ал кызматка киришкенге чейин «президент» кызматынын аталышы «Континенталдык конгресстин президенти» менен айкалышта колдонулган.
АКШнын президенттери 1789-жылдан бери шайлоо аркылуу кызматка келет. Шайланган президенттердин шайланган убакытына жараша кезектик номурлары да колдонулуп келет. Эки мөөнөткө уда-уда шайланган президенттерге бир гана кезектик номур берилет.
Американын сегиз президенти бийликте турган учурунда көз жумушкан. Төртөө табигый себептерден (Уильям Генри Харрисон , Захари Тейлор [2], Уоррен Хардинг жана Франклин Рузвельт), төрт президентти киши колду болуп өлтүрүлгөн: Линкольн (1865-жылы, театрда), Гарфилд (1881-жылы, вокзалда), Мак-Кинли (1901-жылы, көргөзмөдө) [3] жана Кеннеди (1963, унаада) жана бир президенти отставкага кеткен (Ричард Никсон)[4] .
1861-жылдан 1865-жылга чейин болгон, түштүк штаттар өздөрүн көз карандысыз деп жарыялап, Кошмо Штаттардан бөлүнүп чыгышкан жана жарандык согуш маалында Американын Конфедеративдик Штаттарынын президентинин деген кызмат орду болгон. Жефферсон Дэвис — КШАнын биринчи жана жалгыз президенти болгон, ал 1861-жылдын 18-февралынан 1865-жылдын 10-майына чейин бул кызматты ээлеген (бул учурларда Александр Стивенс вице-президент болгон).